super.kg logo
  Саясат  

Адылбек Касымалиев Ташкенттеги инвестициялык V эл аралык форумуна катышты

 

Бүгүн, 17-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйында сөз сүйлөдү.

Президенттик администрация билдиргендей, Касымалиев Ташкент дагы бир жолу аймактын келечеги үчүн конкреттүү чечимдерди талкуулоочу аянтчага айланганын белгиледи.

“Кыргызстан тоо-кен, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууга дайым даяр. Бүгүнкү күндө Борбор Азия Евразиядагы эң келечектүү аймактардын бирине айланууда. Акыркы жылдары региондун өлкөлөрү саясий диалогдун жана экономикалык кызматташтыктын жогорку деңгээлин көрсөтүштү. Ишенимдүүлүктүн, жакшы коңшулаштыктын жана биргелешип өнүгүүнүн жаңы мейкиндиги пайда болууда, бул бүткүл аймактын инвестициялык жагымдуулугун олуттуу жогорулатат”, — деди Касымалиев.

Өзбекстандын борборунда өтүп жаткан форумга жалпы 100дөн ашуун мамлекеттен экономиканын реалдуу секторунан 4 миңге жакын чет элдик делегат жана 8 миңден ашуун катышуучу катталган. Анда 42 триллион доллар активдери бар компаниялар чогулгандыгы маалыматта кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: