super.kg logo

Бишкекте жүргүнчүлөргө жакшы мамиле кылган айдоочулар сыйланат

 

Бишкекте коомдук транспорттун айдоочуларынын айлыгы 30 пайызга көбөйтүлөт. Мындан тышкары жүргүнчүлөргө сылык мамиле кылган айдоочуларга сый акы төлөнөт. Бул тууралуу шаар мэринин орун басары Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим коомдук транспортто накталай төлөмдөн толук баш тартуу планына байланыштуу кабыл алынган.

Рамиз Алиев накталай акча менен иштеген айрым айдоочулар көбүрөөк киреше табуу үчүн жол эрежелерин бузууга чейин барып жатканын белгиледи. Ошондуктан шаар бийлиги жол кирени толугу менен накталай эмес төлөмгө өткөрүүнү көздөөдө.

"Айдоочулардын айлыгы 30 пайызга жогорулайт. Азыр анын 15 пайызы көтөрүлдү, жакын арада дагы 15 пайызга көбөйтүлөт", – деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы 1-июлдан тарта муниципалдык коомдук транспортто жол кирени накталай төлөөнү толугу менен алып салууну пландоодо. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилген.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, накталай эсептешүү бир катар көйгөйлөрдү жаратып келет. Айдоочулар жол кире алып, кайра акча кайтаруу үчүн рулдан алаксып, бул жол кырсыгынын коркунучун жогорулатат. Ошондой эле накталай төлөм автобустардын аялдамаларда көбүрөөк токтоп калышына жана жол тыгындарынын көбөйүшүнө себеп болууда.

Мэриянын демилгеси ишке ашса, шаардык транспорт системасынын коопсуздугун жана тейлөө сапатын жакшыртуу максат кылынууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: