super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Кыргызстан Албания менен кызматташууга кызыкдар"

 
Кыргызстан Албания менен кызматташтыгын кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Албаниянын өлкө башчысы Байрам Бегай менен жолугушууда айтты.
Президенттин айтымында, эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелери 1992-жылы түзүлгөн. Азыр эки тараптуу кызматташтык калыптануу баскычында турат.
Кыргызстан Албанияны Европадагы маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары тааныйт. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз”,- деди президент.
Ал эми Бегай өз сөзүндө Кыргызстанды жакында БУУнун туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланганы менен куттуктады.
“Бул расмий сапар эки өлкөнү жакындатат. Буга чейин мамлекеттер арасында формалдуу мамиле болду эле. Бул жолку жолугушуу алгачкы кадам болууда. Кызматташтыкты бекемдөөгө даярбыз”,- деди Бегай.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: