super.kg logo

Жогорку Кеңеш экологиялык жана санариптик мыйзамдарды күчөтүүчү мыйзам долбоорлорун кабыл алды

 

Бүгүн, 18-июнда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар маанилүү мыйзам долбоорлору каралып, кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, алардын катарында депутат Дастан Бекешев демилгелеген «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. Документ калктуу конуштарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы, таштандыларды уруксат берилбеген жерлерге таштагандыгы же өрттөгөндүгү, ошондой эле суу чарба курулмаларына зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү көздөйт. Ошондой эле айып пулга альтернатива катары коомдук жумуштарга тартуу механизми сунушталууда.

Жогорку Кеңештин басма соз кызматынан билдиришкендей, мындан тышкары, Министрлер кабинети тарабынан сунушталган дагы бир мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Ал Укук бузуулар жөнүндө кодексти Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси менен шайкеш келтирүүгө багытталган. Өзгөртүүлөр терминологияны жаңыртууну, кайталанган ченемдерди алып салууну жана жеке маалыматтарды иштеп чыгуу менен коргоо тармагындагы жоболорду тактоону камтыйт.

Ошондой эле депутаттар «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Документ боюнча маалыматты ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев берди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору мыйзамсыз аңчылыкка, балык жана башка суу жаныбарларын мыйзамсыз кармоого каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган. Ошондой эле суу биологиялык ресурстарын мыйзамсыз пайдалануу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү каралып, Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесин жаңы редакцияда берүү сунушталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: