super.kg logo

"Таза шаар" сынагында жеңген мектептер сыйланды

 

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы мектептер арасында өткөн "Таза шаар" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сынактын жыйынтыгында 8 тоннадан ашык пластик чогулткан №117 мектеп биринчи орунду ээлеп, Кыргызстан Кызыл Жарым Ай коому тарабынан футбол аянтчасын курууга сертификат алды. Ал эми 7 тонна 700 килограмм пластик чогулткан №68 мектепке воркаут аянтчасын куруу үчүн сертификат тапшырылды. №49 мектеп болсо эки теннис столу менен сыйланды.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин жетекчилиги жана депутаттардын демөөрчүлүк колдоосу менен дагы алты мектепке кызыктыруучу сыйлык катары теннис столдору берилди. Төрага бардык 125 мектепке спорттук инвентарлар тапшырыларын билдирди.

Марлен Маматалиев өз сөзүндө сынак 2026-жылдын 1-мартынан 1-майына чейин өткөрүлүп, окуучулардын экологиялык маданиятын жана жарандык жоопкерчилигин өнүктүрүүгө чоң салым кошконун белгиледи.

"Бул жөн гана сынактын жыйынтыгы эмес. Бул жаш муундардын мекенчилдигин, жарандык жоопкерчилигин жана айлана-чөйрөгө болгон аяр мамилесин даңазалаган маанилүү иш-чара", - деди төрага.

Анын айтымында, окуучулар тазалоо иштерине гана катышпастан, экологиялык акцияларды уюштуруп, жашылдандыруу демилгелерин көтөрүп, лидерлик сапаттарын да көрсөтө алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: