Бишкекте жаңы көп функционалдуу спорттук аянтча ачылды
Бишкек шаарында Абдрахманов жана Самойленко көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы көп функционалдуу аянтча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы, балдар оюн аянтчалары, чуркоо жолдору жана жарыктандыруу системалары курулду. Объекттин жалпы аянты 0,6 гектарды түзөт.
Аянтча жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















