super.kg logo

Бишкекте жаш кикбоксчулар шаар чемпиондугунда күч сынашты

 

Бишкек шаарында 17-18-июнь күндөрү өспүрүмдөр жана жаштар арасында кикбоксинг боюнча шаар биринчилиги өтүп, анда борбор калаанын жаш спортчулары күч сынашты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Мелдештин ачылыш аземине Бишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов катышып, спортчуларга ийгилик жана таза атаандаштык каалады.

Мелдештер 7 жаштан 18 жашка чейинки спортчулар арасында кик-лайт жана лоу-кик дисциплиналары боюнча уюштурулду. Эки күнгө созулган таймаштарда катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын, техникалык чеберчилигин жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.

Шаар биринчилиги кикбоксингди жайылтуу, жаштарды спортко тартуу жана борбор калаанын мыкты кикбоксчуларын аныктоо максатында өткөрүлдү.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр менен байге ээлери медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Турнир Бишкек шаардык мэриясы жана Кикбоксинг, Тай боксу жана Ушу-саньда федерациясынын колдоосу менен уюштурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: