Мас абалда унаа башкаргандарга жазалар күчөтүлдү
Бүгүн, 19-июнь күнү саат 00:00дөн тартып Кыргызстанда мас абалда унаа башкарган айдоочуларга карата жаңы, катаалдаштырылган жаза чаралары күчүнө кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193-беренесинин 1-бөлүгү боюнча алкоголдук, баңгизаттык же психотроптук заттардын таасири астында унаа башкарган жарандарга 80 миң сом айып пул салынып, айдоочулук күбөлүгүнөн 2 жылга ажыратуу каралган.
Мындан тышкары эгер айдоочу мас абалын аныктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүдөн баш тартса, анда ага 100 миң сом айып пул салынып, айдоочулук укугунан 3 жылга ажыратылат.
МККБ жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана спирт ичимдиктерин ичип унаа башкарбоого чакырат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















