super.kg logo

Эрдик эмей эмне? Аламүдүн капчыгайында сууга түшкөн унаадагыларды жарандар куткарып калышты (видео)

 

Аламүдүн капчыгайында сууга түшүп кеткен унаанын ичиндеги адамдарды жарандар куткарып калышты. Окуянын видеосу интернет желесине тарап, көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Тасмада кырсык болгон жердеги жарандар эч кандай атайын кызматтарды күтпөстөн, дароо жардамга киришкенин көрүүгө болот. Алар муздак жана агымы катуу болгон сууга карабай, унаадагы адамдарды коопсуз жерге алып чыгышты.

Күбөлөрдүн айтымында, мөңгүдөн келген суунун муздактыгына туруштук берүү оңой болгон жок. Ошого карабастан, жардам берүүгө ашыккан адамдардын катары үзүлгөн эмес.

Окуя социалдык тармактарда кеңири талкууланып, көпчүлүк жардамга кол сунган жарандардын кайраттуулугуна жана кайдыгер эмес мамилесине жогору баа беришүүдө.

Азырынча окуя боюнча расмий маалымат бериле элек.






Аламүдүн капчыгайында сууга түшкөн унаадагыларды жарандар куткарып калды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: