Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавариядагы башкы консулун кабыл алды
Бүгүн, 20-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммельди кабыл алды.
Президенттик администрациядан билдиргендей, тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономика, инвестициялар жана бизнес-форумдарды өткөрүү сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Райнхольд Крэммель Кыргызстанда кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү зарылдыгына көңүл бурду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана кыргыз-герман экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-07-26
14:53
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















