super.kg logo

Кыргызстандагы 8 жаратылыш паркына былтыр 271 миң турист келген

 

Былтыр Кыргызстандагы 8 жаратылыш паркына жалпысынан 271 миң турист келген. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Сары-Челек”, “Кыргыз-Ата”, “Беш-Таш” сыяктуу жаратылыш парктарына эс алуучулар көп каттайт. Ошондой эле өлкөдө туристтер үчүн кирүү төлөмдөрү үч категорияга бөлүнүп белгиленген: жергиликтүү жарандар, КМШ өлкөлөрүнөн келгендер жана алыскы чет өлкөлүк туристтер. Баалар 150 сомдон 700 сомго чейин экендиги айтылды.

Мусаевдин маалыматына ылайык, өткөн жылы келген 271 миң туристтин 250 миң 580и — жергиликтүү тургундар, 13 миң 700ү — КМШ өлкөлөрүнөн, ал эми 6 миң 800ү — алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтер.

Мындан тышкары, учурда жаратылыш парктарында санариптештирүү иштери жүрүп жатканы белгиленди.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 23 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы бар. Алардын 20сы жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагында. Алардын 10у корук болуп эсептелип, бул аймактарга туристтердин кирүүсүнө уруксат берилбейт. Ал эми 10 жаратылыш паркында эс алуучуларга кирүүгө мүмкүнчүлүк бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: