super.kg logo
  Саясат  

Жээнбеков Ташиевдин коркутуусунан кызматтан кеткен деген кепке жооп берди

 

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков саясатчы Азимбек Бекназаровдун “президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырган” деген билдирүүсүн четке какты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-июнда “Кабар” агенттигине берген комментарийинде айтты.

Жээнбековдун айтымында, президенттик кызматтан кетүү чечими ошол учурдагы премьер-министр Садыр Жапаров менен он күнгө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган.

“Мени эч ким коркуткан эмес. Мен ал кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен он күн бою сүйлөшүп жатып, экөөбүздүн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттик кызматымды тапшыргам. Муну элдин баары билет”, — деди ал.

Ошондой эле экс-президент Камчыбек Ташиев тарабынан кысым болгон деген сөздөрдү ойдон чыгарылган маалымат деп атады.

Анын айтымында, мындай билдирүүлөр ошол кездеги кырдаалдан кабары жок адамдардын жалган пикири болуп саналат.

“Азимбек Бекназаровбу же башкасы болобу, "Жээнбековду Ташиев коркутуп арыз жаздырган" десе, бул болгону ойдон токулган жомок. Кандай максатта антип айтканын түшүнгөн жокмун”, — деп кошумчалады ал.

Жээнбеков акыркы беш жылдан бери бул окуя боюнча комментарий бербегенин белгилеп, азыркы билдирүүсү ошол кездеги окуялар бурмаланбашы үчүн жасалганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: