super.kg logo

Курулуштагы чет элдик жумушчулардын тартиби жана коопсуздугу талкууланды

 

Бүгүн, 22-июнда Нурдан Орунтаев Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана курулуш компанияларынын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекмеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында курулуш объектилеринде иштеп жаткан чет элдик жарандардын каттоосу, документтерин мыйзам талаптарына ылайык тариздөө, ички тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери каралды.

Тараптар чет элдик жумушчуларды өз убагында каттоо, мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташуу жана курулуш аянтчаларында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Министр Нурдан Орунтаев курулуш тармагында мыйзамдуулук менен тартип катуу сакталууга тийиш экенин айтып, курулуш компаниялары жумушчулардын документтерин, каттоосун жана жүрүм-турумун үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турууга милдеттүү экенин билдирди. Ал ошондой эле жергиликтүү тургундардын коопсуздугу жана коомдук тартип башкы орунда турарын баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө көйгөйлөр жаралганда ортомчулар аркылуу эмес, түздөн-түз мамлекеттик органдарга кайрылуу сунушталды. Ошондой эле кооптуу жагдайлар пайда болгон учурда 102 кызматына ыкчам маалымат берүү жана укук коргоо органдары менен өз убагында кызматташуу зарылдыгы эскертилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: