Бишкектеги бир катар мамлекеттик мекемелерде коопсуздук текшерүүлөрү жүргүзүлдү
Бишкек шаарындагы эски Өкмөт үйү менен Жогорку Кеңештин имараттары убактылуу курчоого алынып, андагы кызматкерлер эвакуацияланды. Парламент өкүлдөрү бул иш-чаралар пландуу машыгуунун алкагында өткөрүлүп жатканын билдиришти.
Ошол эле учурда борбор калаадагы 15тен ашык мамлекеттик мекемеге жардыруучу зат коюлганы тууралуу билдирүүлөр түшкөнү маалым болду. Алардын катарында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мекемелер, ипотекалык жана камсыздандыруу уюмдары, ошондой эле "Манас" эл аралык аэропорту жана "Учкун" бар.
Маалыматтардан кийин бардык объектилерде коопсуздук чаралары күчөтүлүп, кызматкерлер сыртка чыгарылган. Окуя болгон жерлерге ыкчам тергөө топтор, сапёрлор жана кызматтык иттер менен кинологдор тартылган.
Ички иштер министрлиги билдиргендей, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында көпчүлүк объектилерден жардыруучу заттар табылган эмес. Учурда жалган маалыматтарды тараткан адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















