Алай районундагы жаңы спорт комплекси курулуп бүтүү алдында
Курулуш министрлиги тарабынан Ош облусунун Сопу-Коргон айылында заманбап спорт комплекси курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 37 миллион сомду түзөт.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жаңы спорт комплекси заманбап стандарттарга ылайык жабдылып, жаштардын спорт менен машыгуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Анда волейбол жана баскетбол аянтчалары, машыгуу залы, машыктыруучулар үчүн кабинет, ошондой эле бардык шарттары бар кийим алмаштыруучу жайлар каралган.
Учурда курулуш иштери акыркы этапка келип, объекттин сырткы жасалгалоо иштери аткарылууда. Комплекс жакын арада пайдаланууга берилери күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















