super.kg logo

Чыгыш өнөрүнүн устаты Макен Исаковдун юбилейине арналган фестиваль өттү

 

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев белгилүү чыгыш таймаш өнөрүнүн чебери Макен Исаковдун 80 жылдык маарекесине арналган эл аралык фестивалга катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада төрага маареке ээсин куттуктап, анын эмгек жолу өлкөнүн спорт жана маданият тармагына зор салым кошконун белгиледи.

Анын айтымында, Макен Исаков карате, ушу, тайцзи жана цигун сыяктуу чыгыш өнөрлөрүн Кыргызстанда өнүктүрүүгө жана жайылтууга чоң эмгек сиңирген. Ошондой эле ал өзүнүн мектебин негиздеп, жаштарды сергек жашоо образына үндөгөнү белгиленди.

Мындан тышкары Макен Исаковдун сүрөтчүлүк чыгармачылыгы да өзгөчө бааланып, искусство менен спортту айкалыштырган инсан катары мүнөздөлдү.

Фестивалдын соңунда төрага катышуучуларга ийгилик каалап, маареке ээсине белектерин тапшырды.

Иш-чарага ошондой эле депутаттар Максат Алымбеков, Улан Сариев жана Бекмурза Эргешов катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: