super.kg logo

Министр Канатбек Чыныбаев Ак-Талаадагы селден жабыркаган айылдарды кыдырды

 

Бүгүн, 22-июнда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак жайларга жана бир катар инфраструктуралык объектилерге зыян келтирди.

Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепеттерин жеринен көрүү жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев аталган айылдарга барып, кырдаал менен жеринде таанышты.

Министр Жаңы-Тилек айылында селден жабыркаган турак жайлардын ээлери менен жолугушуп, сел калдыктары топтолгон каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Ошондой эле тургундардын кайрылуусунун негизинде коргоо курулмаларын куруу маселеси адистердин техникалык корутундусуна ылайык караларын белгиледи.

Мындан тышкары, Ак-Чий айылынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан алты турак жайды сел коркунучунан коргоо боюнча иштерди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылга карата «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-чаралар планына кошумча киргизүү боюнча тиешелүү сунуштарды берди.

Ошондой эле «Мыкаачы» суусунун нугунда топтолгон сел калдыктарын жана бак-дарактарды тазалоо иштерин уюштуруу боюнча жооптуу кызматтарга тапшырмалар коюлду.

Учурда Ак-Талаа районунун Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Ак-Чий айылында кырдаалга байланыштуу жумушчу кеңешме өтүп, селдин кесепеттерин жоюу жана алдын алуу чаралары талкууланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: