super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Жумгал элинин көйгөйлөрүн укту

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Жумгал районунун активи жана тургундары менен жолугушуп, аймактагы орчундуу маселелерди талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ачык суроо-жооп форматында өткөн жолугушууда тургундар турак жай үчүн жер тилкелерин берүү, таза жана сугат суу маселеси, социалдык объектилерди куруу, коммуналдык инфраструктураны жаңылоо жана социалдык колдоо боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Мындан тышкары, жер талаштары, эмгек акыны өз убагында төлөө, заманбап автобекет куруу жана сот иштерине байланыштуу маселелер дагы айтылды.

Мамлекет башчысы бардык кайрылуулар кылдат караларын белгилеп, тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде чечүү боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле президент өлкө аймактарында көп кабаттуу турак жайларды, спорт залдарын жана башка социалдык объектилерди куруу иштери уланарын билдирди. Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров бардык маселелер көзөмөлдө болорун айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: