super.kg logo

Баткенде мигранттардын бизнес долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

 

Бүгүн, 23-июнда президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы жана Казакстандагы өкүлдөрү менен жолугушту.

Облус өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Казакстандагы делегация Баткенде Улуу Британиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын ишкердик демилгелерин колдоо долбоорунун жыйынтыгы менен жеринде таанышууда.

Маалыматка ылайык, 2023–2025-жылдар аралыгында “1+1” механизми аркылуу мекенине кайтып келген 59 жарандын бизнес-пландары каржыланган. Алардын 39у Баткен облусунун тургундары.

Долбоордун алкагында аймактарда 100дөн ашык жаңы жумуш орду түзүлгөн. Эл аралык уюм тарабынан берилген гранттык каржылоо 18,4 млн сомдон ашып, ишкерлердин өздүк салымы 17 млн сомду түзгөн.

Маалым болгондой, долбоорго катышкан айылдык ишкерлердин айлык кирешеси учурда 60 миң сомдон 1 миллион сомго чейин жетип жатат.

Ишке ашкан демилгелердин негизинде Баткенде айыл чарба, тигүү өндүрүшү, курулуш материалдарын чыгаруу, газоблок өндүрүү жана сүт азыктарын кайра иштетүү багытындагы чакан ишканалар ачылган.

Эл аралык өкүлдөр бул тажрыйба аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп жаткан үлгүлүү долбоор экенин белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: