super.kg logo

Президент Кочкордун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

 

Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-2025-жылдары райондо 17 социалдык объект пайдаланууга берилген. Алардын катарында 8 мектеп, 4 бала бакча жана 5 спорт зал бар. Ал эми 2026-жылы жалпы баасы 5,9 миллиард сомдук 30 объекттин курулушу жана 6 объекттин капиталдык оңдоп-түзөөсү пландалууда.

Акыркы беш жыл ичинде райондо 116,6 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Ошондой эле 2026-жылы “Шамшы” суу сактагычын пайдаланууга берүү жана бир катар айылдарды таза суу менен камсыздоо долбоорлору ишке ашырылары белгиленди.

Кочкордогу эң ири инвестициялык долбоорлордун бири - Орток айылында курулуп жаткан күн электр станциясы. “АСТ Империал Строй” тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун инвестиция көлөмү 250 миллион долларды түзүп, кубаттуулугу 325 мегаватт болот.

Жолугушууда Кочкор менен Токмокту байланыштыра турган жаңы альтернативдүү автожол долбоору да сунушталды. Аталган жол ишке ашса, эки аймактын ортосундагы аралык 125 чакырымдан 55-60 чакырымга чейин кыскарат.

Мындан тышкары Чоң-Туз кенинин базасында заманбап санаторий-дарылоо комплексин куруу демилгеси сунушталып, анын саламаттык сактоо туризмин өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленди.

Президент Садыр Жапаров аймакты комплекстүү өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: