Бишкекте №42 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушу текшерилди
Бишкек шаарында курулуп жаткан №42 мектептин жаңы окуу корпусунун жүрүшү текшерилди. Курулуш-архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев объектке барып, иштердин абалы менен таанышты.
Министрликтен билдиришкендей, долбоор 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Үч кабаттуу жаңы корпуста заманбап окуу класстары, жыйындар залы, ашкана, кампа жана спорт зал каралган.
Учурда курулуштун экинчи кабатында кыш коюу иштери аяктап, спорт зал жана ашкана бөлүгүндө колонналарды орнотуу иштери уланууда. Текшерүү учурунда министр подрядчы уюмга жумушчу күчтү көбөйтүп, иштерди ыкчамдатуу тапшырмасын берди.
Жаңы окуу корпусу ишке берилсе, окуучулар үчүн кошумча орун түзүлүп, заманбап шарттар камсыздалары күтүлүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















