super.kg logo

Президент Кочкордогу социалдык көйгөйлөр боюнча тапшырма берди

 

23-июнда президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Маалыматка ылайык, ачык диалог форматында өткөн жолугушууда турак жай менен камсыз кылуу, таза суу жана ирригация маселелери, айыл чарбасын колдоо, социалдык жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча көйгөйлөр көтөрүлдү.

Тургундар медицина кызматкерлерине батир берүү, Чолпон айылына спорт комплексин куруу, дыйкандарды техника менен камсыздоо жана жер талаштарына байланыштуу маселелерди айтышты. Ошондой эле пенсия, майыптыгы бар жарандарды колдоо жана эмгек укуктары боюнча кайрылуулар болду.

Президент ар бир маселе дыкат караларын белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзам чегинде чара көрүү тапшырмасын берди. Мындан тышкары, Чолпон айылында спорт комплексин куруу демилгесин колдоп, аймактардагы социалдык объектилерди өнүктүрүү иштери улантыларын билдирди.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы көтөрүлгөн бардык маселелер жеке көзөмөлүндө болорун баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: