"Тийбегиле". Садыр Жапаров Кочкордогу асыл тукум чарбанын маселесине көңүл бурду (видео)
Кечээ, 23-июнда президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.
Жолугушууда "Салем" асыл тукум чарбасынын жетекчиси Самат аттуу жаран мамлекет башчысына кайрылып, чарбанын жерине байланышкан маселеде мыйзамдуу укугун коргоп берүүнү өтүндү. Анын айтымында, атасы Кум-Дөбө айылынын Ак-Булуң участкасындагы жерди 1997-жылы 49 жылдык мөөнөткө ижарага алып, чарбаны негиздеген. Бирок учурда жер боюнча талаш жаралып, маселе сотко чейин жеткен.
Президент өлкөдө мал чарбачылыгын жана дыйканчылыкты өнүктүрүү маанилүү экенин белгилеп, мындай ишкерлерге бут тосуу эмес, тескерисинче, колдоо көрсөтүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле район акимине бул маселени көзөмөлгө алып, чарбанын ишине тоскоолдук болбошун камсыздоону тапшырды. "Тийбегиле, биз чарбачылыкты өнүктүрө албай жатабыз го",- деди президент.
Аталган асыл тукум чарбасында учурда 76 баш абердин-ангус породасындагы бодо мал жана 40 баш жылкы багылууда.
Садыр Жапаров Кочкордогу асыл тукум чарбанын маселесине көңүл бурду
0

Супер-Инфо
super.kg видео















