super.kg logo

“Бала ырысы” жөлөк пулу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлдү

 

Кыргызстандын бардык аймактарында үч жашка чейинки балдарга арналган жаңы “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөк пулу боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп, жөлөк пулду алуу тартиби, талап кылынган документтер жана дайындоо шарттары тууралуу кеңири маалымат берүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, “Бала ырысы” жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу 1-июлдан тартып башталат. Арыздар министрликтин аймактык бөлүмдөрү тарабынан бекитилген графиктин негизинде кабыл алынат.

Жарандарга так маалымат алуу жана жөлөк пулду өз убагында тариздөө үчүн жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөргө кайрылуу сунушталууда. Ал жерде адистер керектүү кеңеш жана практикалык жардам көрсөтүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: