super.kg logo

Өлкөдө качкындардын укуктарын коргоо маселеси талкууланды

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын өкүлдөрү качкындардын укуктарын коргоо боюнча кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министрдин биринчи орун басары Кылычбек Досматов БУУ КЖКБнын Кыргызстандагы качкындарды колдоо жана алардын укуктарын коргоо багытындагы туруктуу жардамын жогору баалады.

Тараптар Кыргызстандын Качкындар боюнча глобалдык келишимдин алкагында алган милдеттенмелеринин аткарылышын, ошондой эле башпаанек издеген адамдардын эмгек рыногуна жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелерин карашты.

Мындан тышкары өлкөдө Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына ылайык качкындар үчүн жол жүрүү документтерин берүү боюнча иштер жүрүп жатканы белгиленди. Тиешелүү жобо Министрлер кабинети тарабынан бекитилип, 2026-жылдын 6-августунан тартып күчүнө кирет.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү бекемдеп, качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экенин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: