Нарында мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык жайкы мектеп ачылды
Нарын шаарында “Мөңгүлөрдү изилдөө, сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу” (IPROMO) аттуу Эл аралык жайкы мектептин расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу президенттик администациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын тоо күн тартибин илгерилетүү, климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдү сактоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле 2023-2027-жылдарга карата тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Жайкы мектеп 7-июлга чейин уланат жана ал Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы, ЕККУ, Борбордук Азия университети жана ФАОнун колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Программа лекцияларды, практикалык сабактарды, талаа изилдөөлөрүн жана топтук долбоорлорду камтыйт. Катышуучулар Борбор Азия өлкөлөрүнүн адистери менен бирге мөңгүлөрдү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө адаптация маселелерин талкуулашат.
Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын адистери катышып, тоолуу экосистемаларды туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















