Муздак сууну кечип... Кегетиде сууга агып кеткен баланы издөө иштери (видео)
Кегети капчыгайында дарыяга агып кеткен 6 жаштагы баланы издөө уланууда. ӨКМдин куткаруучуларынан тышкары, баланын жакындары жана өз ыктыяры менен жардамга келген жарандар издөө иштерине катышууда.
Бул тууралуу видео интернет желесине тарап жатат. Куткаруу иштерине тартылгандар аркан менен байланып иш алып барып жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле суунун түбүн текшерүү үчүн узун шыргыйлар колдонулуп, аймак кылдат текшерилүүдө.
Эскерте кетсек, Кегети капчыгайындагы сууга унаа кулап, агып кеткен эки өспүрүмдүн биринин денеси табылган. Ал эми 6 жаштагы баланы издөө иштери уланууда.
Кегетиде сууга агып кеткен баланы издөө иштери
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















