Депутат: "Кара-Көлдө гемодиализ аппараты жок"
Жогорку Кеңештин депутаты Райимберди Дүйшенбиев парламенттин 25-июндагы жыйынында Кара-Көл шаарында гемодиализ аппараты жоктугун айтып, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылды.
Эл өкүлү билдиргендей, аталган шаарда аппаратка муктаж болгон жарандар жумасына 3-4 жолу башка аймактарга барууга аргасыз болушууда.
"Кара-Көл шаарында гемодиализ аппараты жок. 15 жаран Таш-Көмүр, Токтогул шаарларына жумасына 3-4 жолу катташат. Саламаттык сактоо министрлиги бул маселени караштырып, шаарга аппарат бөлүп берсе жакшы болмок",- деди депутат.
Ошондой эле ал Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларында медицина кызматкерлери жетишсиз экенин кошумчалады.
Депутат Кара-Көлдө медкызматкерлер аз
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-07-26
14:53
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















