super.kg logo
  Саясат  

Ак-Талаада президент эл менен жолугуп, аймактын өнүгүүсүн талкуулады

 

Президент Садыр Жапаров 25-июнда Ак-Талаа районунун активи жана тургундары менен жолугушуп, аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары райондо өнөр жай тармагы олуттуу өсүшкө жетишкенин белгиледи. Тактап айтканда, 2021-жылы 46,8 млн сомду түзгөн өндүрүш көлөмү 2025-жылга карата 205 миллион сомдон ашып, 4,3 эсеге көбөйгөн.

Жапаровдун айтымында, акыркы беш жылда райондо 42,8 чакырым жолго асфальт төшөлүп, быйыл дагы 21,3 чакырым жолду оңдоо пландалууда. Ошондой эле жол тармагын жакшыртуу үчүн атайын техника бөлүнгөн.

Мындан тышкары, райондо социалдык объектилер — мектептер, бала бакчалар, мамлекеттик мекемелердин имараттары жана саламаттык сактоо тармагындагы объекттер курулуп, жаңыланып жатканын белгиледи.

Президент ошондой эле Ак-Талаа районунда кичи ГЭСтин курулушу жүрүп жатканын, ал жакын арада ишке берилерин айтты. Ал эми өлкө боюнча ишке ашып жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоору аймактын өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк ачарын кошумчалады.

Соңунда Жапаров жүргүзүлүп жаткан долбоорлор калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: