super.kg logo

Кадамжайда социалдык шаарчанын курулушуна мезгил кутусу салынды

 
Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында социалдык шаарчанын курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, долбоордун алкагында 60 үй-бүлөгө ылайыкталган турак жай, 220 орундуу мектеп, 60 орундуу балдар бакчасы, ФАП, тигүү цехи, мечит жана дүкөн курулат. Курулуш иштерин бир жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.
Шаарча аймактагы аз камсыз болгон жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртууга багытталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: