super.kg logo

Асеин Исаев ЕККУ өкүлү Серж Румин менен жолугушту

 

25-июнда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев ЕККУнун учурдагы төрагасынын диалогду өнүктүрүү жана ишеним чараларын чыңдоо боюнча атайын өкүлү Серж Руминди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз тарап Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыктын жаңы баскычы тууралуу маалымат берип, акыркы жылдары чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча жетишилген тарыхый макулдашуулар өз ара ишенимди бекемдөөгө жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну кеңейтүүгө өбөлгө түзгөнүн белгиледи.

Тараптар ошондой эле Кыргызстандын ЕККУдагы Швейцария төрагалыгы менен кызматташтыгын талкуулашты. Кыргыз тарап Швейцариянын Борбордук Азияга болгон көңүлүн жогору баалап, ЕККУ алкагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого даяр экенин ырасташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: