super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин биринчи сессиясы жыйынтыкталды: 145 мыйзам кабыл алынды

 

25-июнда VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясы расмий түрдө жабылды. Жыйынтыктоочу сөзүндө төрага Марлен Маматалиев парламенттин мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө жана эл аралык кызматташтык багыттарындагы негизги жетишкендиктерин белгиледи.

Төраганын маалыматына ылайык, сессия мезгилинде 43 жыйын өткөрүлүп, парламентке түшкөн 182 мыйзам долбоорунун 145и кабыл алынган. Алардын ичинен 94 мыйзамга президент кол койгон.

Ошондой эле Жогорку Кеңешке 24 миң 641 жарандык кайрылуу келип түшүп, анын 2736сы электрондук форматта кабыл алынган. Мындан сырткары 439 протоколдук тапшырма берилип, Министрлер кабинетинин экология, экономика жана курулуш тармагындагы маселелери каралган.

Марлен Маматалиев парламентте санариптештирүү кеңири жайылып жатканын белгилеп, комитет жыйындарына онлайн катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн, мыйзам чыгаруу жана документ жүгүртүү процесстери толугу менен санарип форматка өткөрүлгөнүн айтты. Ошондой эле e-Kenesh тиркемеси иштелип чыгып, жасалма интеллект элементтери жана санариптик коомдук кабылдама колдонууга киргизилген.

Эл аралык кызматташтык багытында 50 чет өлкөлүк иш сапар уюштурулуп, 70 эл аралык жолугушуу өткөрүлгөн. Кыргызстанда төрт ири эл аралык иш-чара өтүп, парламенттик дипломатияны өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин 2031-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын даярдоо башталган. Документ мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө, аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, санариптештирүүнү тереңдетүүгө жана жарандар менен байланышты бекемдөөгө багытталат.

Жыйын соңунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жаңырып, VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясы расмий жабылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: