super.kg logo

Садыр Жапаров: “Казарман ГЭСтер” каскады өлкөнүн энергетикалык келечегин аныктаган стратегиялык долбоор болот”

 

25-июнда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда “Казарман ГЭСтер” каскадын курууга мезгил кутусун салуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы белгилегендей, “Казарман ГЭСтер” каскады Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири болот. Долбоордун курамына “Ала-Буга”, “Кара-Булуң-1” жана “Кара-Булуң-2” гидроэлектр станциялары кирип, алардын жалпы кубаттуулугу 912 мегаваттты түзөт.

Президенттин айтымында, каскад жылына орточо 3,75 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын өндүрөт. Долбоорго болжол менен 3 миллиард АКШ доллары инвестиция салынат. Курулуш иштерин “Орта Азия Инвестмент Холдинг” ишке ашырат.

Садыр Жапаров акыркы жылдары өлкөдө энергетика тармагында активдүү иштер жүрүп жатканын белгилеп, беш жыл ичинде 50гө жакын чакан жана орто ГЭС курулганын, дагы 50гө жакын станциянын курулушу уланып жатканын айтты. Ошондой эле күн жана шамал электр станциялары боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

Президент учурда өлкөнүн электр энергиясына болгон суроо-талап тездик менен өсүп жатканын белгиледи. Анын маалыматына ылайык, 2020-жылы кыш мезгилинде Кыргызстан болжол менен 3 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттосо, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 4 млрд кВт/саатка жеткен.

Мамлекет башчысы жаңы өнөр жай ишканаларынын жана социалдык объектилердин көбөйүшү электр энергиясына болгон муктаждыкты күчөтүп жатканын айтып, энергетикалык дефицитти жоюу үчүн ири долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Маалыматка ылайык, “Казарман ГЭСтер” каскадынын курулушун 2031-жылга чейин аяктоо пландалууда. Долбоор жана Камбар-Ата-1 ГЭСи толук ишке киргенден кийин Кыргызстан өзүнүн ички керектөөсүн камсыздап гана тим болбостон, электр энергиясын экспорттоочу өлкөгө айланышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: