super.kg logo

Бишкектин муниципалдык унаа токтотуучу жайында сааттык төлөм жүргүзүү системи сыноодон өтүүдө

 
Бүгүн, 26-июндан тарта Бишкектин Жеңиш аянтынын аймагында жайгашкан муниципалдык унаа токтотуучу жайда сыноо режиминде сааттык төлөм системи ишке киргизилди.
Мэрия билдиргендей, муниципалдык унаа токтотуучу жай 95 унаага ылайыкталган жана күн сайын 24 саат бою иштейт.
Сыноо мезгилинде унаа токтотуучу жайды пайдалануунун төмөнкү шарттары колдонулат:
  • Алгачкы 15 мүнөт акысыз;
  • Биринчи эки саатка унаа токтотуунун баасы 50 сом;
  • Кийинки ар бир саат үчүн 10 сомдон алынат.
"Сыноо мезгилинин жыйынтыгы боюнча киргизилген системдин натыйжалуулугуна анализ жүргүзүлөт. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайларды мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштар даярдалат",- деп белгиленди маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: