Инвестициялар боюнча агенттик менен Кыргызстан элдеринин ассамблеясы меморандумга кол койду
Бүгүн, 26-июнда президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, документ инвестицияларды тартуу, биргелешкен демилгелерди колдоо жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.
Меморандумдун алкагында тараптар тажрыйба жана маалымат алмашуу, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү боюнча кызматташат.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров коомдук ынтымак жана туруктуулук өлкөнүн өнүгүшү менен инвестициялык жагымдуулугун арттырууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Анын айтымында, көп улуттуу Кыргызстандагы биримдик жана өз ара урматтоо эл аралык өнөктөштөр менен инвесторлордун ишенимин бекемдейт.
Өз кезегинде Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү коомдук ынтымакты чыңдоого жана инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырууда күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Тараптардын айтымында, меморандум келечектеги кызматташтык үчүн бекем негиз түзүп, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө болот.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















