super.kg logo

Орунтаев Манастагы мектептердин курулушун убагында бүтүрүү боюнча эскертүү берди

 
Бүгүн, 28-июнда курулуш министри Нурдан Орунтаев Манас шаарында курулуп жаткан жаңы мектептердин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.
Ал жерде министр курулуштун сапатына, колдонулуп жаткан курулуш материалдарына жана иштердин жүрүшүнө баа берип, курулуш темпин күчөтүү жана объектилерди белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүтүрүү боюнча подрядчы уюмдарга эскертүү берди.
Белгилей кетсек, Манас шаарында республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 6 мектеп курулууда.
Алар:
  • Көк-Арт аймактык башкармалыгынын Ак-Тилек жаңы конушундагы 375 орундуу мектеп;
  • Курманбек аймактык башкармалыгы, Мамбеталиев көчөсүндөгү 750 орундуу мектеп;
  • Тайгараев аймактык башкармалыгы, Чолок-Терек айылында жайгашкан Идирисова атындагы 375 орундуу мектеп;
  • Спутник аймактык башкармалыгы, Манас проспектиси, 13 дарегиндеги 530 орундуу мектеп;
  • Достук аймактык башкармалыгы, Фурманов көчөсүндөгү №5 Б. Осмонов атындагы 375 орундуу мектеп;
  • Достук аймактык башкармалыгы, Тыныстанов көчөсүндөгү №21 Ж.Болотова атындагы 375 орундуу мектеп.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: