Кыргызстанда төрт күндүк иш жумасы сунушталууда. Сиздин оюңуз?
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Кыргызстанда төрт күндүк иш жумасын киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Мындай билдирүүсүн ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларынан бөлүштү.
Анын айтымында, мындай тажрыйба АКШ, Улуу Британия, Япония жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө сыноодон өтүп, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, кызматкерлердин иш менен жеке жашоосунун тең салмактуулугун жакшырткан.
Салянова бул систем медицина, билим берүү жана транспорт сыяктуу үзгүлтүксүз иштеген тармактарга тиешелүү болбошу керектигин белгилеп, аны негизинен интеллектуалдык эмгек менен алектенген мекемелер үчүн кароону сунуштады.
Кыргызстанда төрт күндүк иш жумасы сунушталууда. Сиздин оюңуз?
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-07-26
14:53
2026-07-24
14:35
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















