Бишкекте "Жаңы үйлөнгөндөргө бак отургузуу" долбоору башталды (видео)
"Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы жана GREEN AIR компаниясы "Жаңы үйлөнгөндөргө бак-дарак отургузуу" аттуу жаңы долбоорду ишке киргизгенин билдирди.
Мэриядан маалымдашкандай, долбоорго катышуу үчүн бак отургузула турган күнгө 2 жума калганда шаар мэриясынын расмий сайтындагы "Жаңы үйлөнгөндөргө бак отургузуу" бөлүмү аркылуу билдирүү калтыруу зарыл. Катышуучулар күндү, аймакты тандап, андан соң төлөмдү QR-код аркылуу жүргүзүшө алат.
Алгачкылардан болуп билдирүү калтырган 5 жаңы үйлөнгөн түгөйгө отургузуу үчүн бак-дарактар белекке берилери кошумчаланды. Билдирме калтыруу үчүн 0880 005123 номуруна байланышса болот. Долбоорго катышуунун баасы төмөнкүдөй:
- 10-апрелден 25-октябрга чейин жабык тамырлуу көчөттөрдү отургузуу үчүн 15 миң 500 сом;
- 10-марттан 10-апрелге чейин эрте жазда жана 26-октябрдан 25-ноябрга чейин күзүндө ачык тамырлуу көчөттөрдү отургузуу үчүн 7800 сом.
"Долбоор Бишкек шаарын жашылдандырууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана жарандардын айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга багытталган",- деп билдирет мэрия.
Бишкекте "Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуу" долбоору башталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















