Ошто турак жайлары "снос" болгон ондогон жарандарга жаңы үйлөр берилүүдө (видео)
Кечээ, 29-июнда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Эне-Сай жаңы конушуна барып, жолду кеңейтүү иштерине байланыштуу турак жайлары бузулуп, компенсация катары жаңы үй менен камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шарты менен таанышты.Мэрия билдиргендей, жолугушууда калаа башчысы жолду кеңейтүү долбоорлору шаар үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, ошол эле учурда жарандардын кызыкчылыгы биринчи орунда турарын айтты.
"Эне-Сай жаңы конушундагы турак жайлар жолду кеңейтүү долбоорлорунун алкагында турак жайы алынган жарандарга мыйзамда каралган компенсациянын негизинде берилүүдө. Учурда Ош көчөсүнөн 6 үй-бүлө Эне-Сай жаңы конушуна көчүрүлдү. Жакынкы күндөрү дагы 12 үй бүлө кенемтесин алат",- деп белгиленди маалыматта.
Ошто турак жайы "снос" болгон ондогон жарандар жаңы үйлөр менен камсыз болууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















