super.kg logo
  Саясат  

Үркүн окуясына 110 жыл: Өлкөдө эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлөт

 

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Үркүн окуясынын 110 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөөгө багытталган бир катар эскерүү жана илимий-маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 8-августта Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылында жайгашкан Үркүн окуясынын курмандыктарына арналган монументте эскерүү иш-чарасы уюштурулат. Андан соң иш-чаралар Аламүдүн районундагы “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде улантылып, анда куран окутуу менен коштолгон митинг-реквием жана тарыхый эс тутумду сактоого багытталган башка коомдук иш-чараларды уюштуруу пландалууда.

Мындан тышкары, 6-7-ноябрда Тарых жана ата бабаларды эскерүү күнүнө карата Үркүн окуясынын 110 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.

"Конференциянын алкагында ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштуулардын катышуусунда Үркүндүн тарыхый себептери, кесепеттери, анын улуттук эс тутумдагы орду жана азыркы илимий изилдөөлөрдүн актуалдуу маселелери талкууланат. Илимий форумдун маданий программасына үркүн темасына арналган театралдаштырылган спектакль, көргөзмөлөр жана башка маданий иш-чаралар киргизилет. Үркүн окуясынын 110 жылдыгына арналган бул иш-чаралар тарыхый адилеттүүлүктү даңазалоого, курман болгондордун элесин урматтоого, ошондой эле улуттук тарыхты терең иликтөөгө жана келечек муундарга жеткирүүгө багытталган",- деп белгиленди маалыматта.

Аталган иш-чараларды Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, прездинеттин Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Улуттук илимдер академиясы менен бир катар мамлекеттик жогорку окуу жайлар уюштурушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: