super.kg logo

ИИМ: “Боди-камералар жарандардын укуктарын коргоонун кошумча кепилдиги”

 

Ички иштер министрлиги жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын ачык-айкындуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында заманбап санариптик технологияларды киргизүүнү улантууда. Ошондой жаңычылдыктардын бири – кызматкерлердин денеге тагылуучу видеокамералары (боди-камералар).

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул аппараттар кызматтык милдеттер аткарылып жаткан учурда видео жана аудио жазууну үзгүлтүксүз жүргүзөт. Натыйжада милиция кызматкерлери менен жарандардын ортосундагы бардык окуялар объективдүү түрдө катталып, өз ара аракеттенүүнүн ачык-айкындуулугу камсыздалат.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Оперативдүү башкаруу борбору системаны көзөмөлдөйт. Бардык видеожазуулар корголгон маалымат базасында 90 күн сакталат жана зарыл учурда жарандардын кайрылууларын кароодо же окуяларды так иликтөөдө колдонулат.

Министрликтин маалыматына ылайык, боди-камераларды колдонуу ички иштер органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатып, жарандардын милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: