super.kg logo

Чоң-Алайда укук коргоо органдарынын ишин санариптештирүү жана жаңы өзгөртүүлөр талкууланды

 

29-июнда Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясында жыйын өткөрүлдү. Ага райондук соттун, прокуратуранын, РИИБдин жетекчилери жана тергөө кызматкерлеринин өкүлдөрү катышты.

Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйында 2026-жылдын июнь айында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилген жаңы өзгөртүүлөр талкууланды. Анын ичинде мас абалында унаа башкарууга жана башка жол эрежелерин бузууга карата жоопкерчиликти күчөтүү маселелери каралды.

Ошондой эле президенттин “Санариптик трансформация концепциясын бекитүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу алкагында сот жана тергөө иштерин санарип форматка өткөрүү маселелери айтылды. Бул багытта «СОТ 3.0» системасы жана автоматташтырылган маалыматтык система (АМТ) пилоттук режимде ишке киргизилип, өлкө боюнча жайылтуу пландалып жатканы белгиленди.

Башкы прокурордун “Кылмыштардын бирдиктүү реестринде электрондук иш жүргүзүүнүн толуктугун камсыз кылуу чаралары жөнүндө” көрсөтмөсү тааныштырылып, анын аткарылышы боюнча маалымат берилди.

Мындан тышкары автоматташтырылган маалыматтык системанын негизги функциялары жана жаңы мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Бул иш-чаралар укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, кылмыштарды иликтөөнү санариптештирүүгө жана маалыматтык системаларды бирдиктүү колдонууга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: