super.kg logo

Президент Караколдогу реконструкцияланган сейил бакты көрүп чыкты (видео)

 

Бүгүн, 1-июлда президент Садыр Жапаров Каракол шаарында Пушкин атындагы сейил бакты реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, сейил бактын жалпы аянты 7,5 гектарды түзүп, реконструкциянын алкагында административдик имарат жана амфитеатр, 12 заманбап аттракцион, фонтандар жана балдар оюн аянтчалары курулган.

Ошондой эле президент шаарда ишке ашырылып жаткан бир катар инфраструктуралык долбоорлор менен таанышты. Алардын катарына жылуулук электр борборунун курулушу, шаардагы 22 чакырым жолду реконструкциялоо, жарыктандыруу жана суу агызуу системдерин куруу, шаардык тарых музейин капиталдык реконструкциялоо, көп функционалдуу спорт комплексин куруу, ошондой эле Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатынын имаратын оңдоо жана кошумча корпусун куруу кирет.
Мындан тышкары, өлкө башчысына 800 орундуу чоң театр залы бар Конгресс-холлдун башкы планы да сунушталды. Долбоордо жалпы аянты 14,8 миң чарчы метрден ашкан заманбап комплексти куруу каралган. Анда маданий-оюн-зоок жана административдик-ишкердик аймактар бириктирилет.





Президент Караколдогу реконструкцияланган сейил бакты көрүп чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: