super.kg logo

Караколдо канализациялык тазалоочу курулманын курулушу 90 пайызга аткарылды

 
Каракол шаарында жаңы канализациялык тазалоочу курулманын (КТК) курулушу 90 пайызга аткарылды.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, жаңы КТКнын долбоордук кубаттуулугу суткасына 12 миң куб метрди түзөт. Бул шаардын экологиялык коопсуздугун толугу менен камсыздоого жана Ысык-Көл көлүнүн биосфералык аймагын коргоого мүмкүндүк берет.
Объектте дүйнөлүк катуу экологиялык стандарттарга жооп берген саркынды сууларды тазалоонун алдыңкы көп деңгээлдүү цикли киргизилүүдө:
  • Алгач механикалык тазалоо жүргүзүлүп, саркынды суулардагы катуу калдыктар, кум жана майлар атайын жабдуулар аркылуу бөлүнүп алынат;
  • Андан соң суулар "A2O" биологиялык технологиясы менен тазаланат. Бул ыкма көмүртек, азот жана фосфор сыяктуу заттарды натыйжалуу жок кылууга мүмкүндүк берет;
  • Бардык негизги процесстер автоматташтырылып, эл аралык SCADA санариптик башкаруу системасына туташтырылат;
  • Акыркы этапта тазаланган суу натрий гипохлорити аркылуу зыянсыздандырылып, андан кийин гана сыртка чыгарылат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: