Кыргыз-Өзбек эл аралык университетине жаңы ректор дайындалды
Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору болуп Алтынбек Зулпукаров дайындалды.Илим министрлиги билдиргендей, жаңы ректор университеттин эмгек жамаатына бүгүн тааныштырылды.
Алтынбек Зулпукаров 1989-1994-жылдары Ош мамлекеттик университетинде Математика, информатика жана эсептөө техникасы мугалими адистигине ээ болгон.
2010-жылы физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын ийгиликтүү жактап, 2014-жылы Математика адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамын алган.
Бүгүнкү күндө 21 илимий макаланын жана 11 окуу-усулдук колдонмонун автору.
Ректорлук кызматка тандоо ачык сынактык негизде өткөрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















