super.kg logo

Кыргызстан миграциялык талаптарды бузгандар үчүн айып пул салууну убактылуу токтотту

 

1-июлдан 31-июлга чейин Кыргызстандын миграциялык мыйзам талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өлкөнүн аймагынан өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги эскертет.

Бул учурда аларга карата айрым административдик жоопкерчилик чаралары колдонулбайт.

Көрсөтүлгөн мезгил ичинде Кыргызстандан чыгып кетүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өз ыктыяры менен кайрылган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар:

  • Миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликтен бошотулушу;
  • Мамлекеттик алым төлөбөстөн чыгуу визасын тариздей алышы;
  • Белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагынан тоскоолдуксуз чыгып кетиши мүмкүн.

Бул үчүн өлкөнүн Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө кайрылып, тиешелүү чечим алуу зарыл. Андан соң керектүү документтерди тиркөө менен e-Visa порталы аркылуу чыгуу визасын тариздөө керек.

Бул мүмкүнчүлүктү төмөнкү адамдар пайдалана алышат:

  • Өлкөдө болуу мөөнөтүн бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
  • Визасынын же башка уруксат берүүчү документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен адамдар;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүргөндүгүн тастыктоочу документтери жок адамдар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: