Улуттук банк жаңы алдамчылык схемасы тууралуу эскертти
Улуттук банк социалдык тармактарда жана мессенжерлерде жеңилдетилген насыя алып берүү сунуштары менен байланышкан алдамчылык аракеттери көбөйгөнүн эскертти.
Маалыматка ылайык, алдамчылар ишеним жаратуу үчүн Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди жана жалган билдирүүлөрдү колдонушууда.
Мекеме жарандарды мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө, бейтааныш адамдарга акча которбоого жана маалыматты расмий булактар аркылуу гана текшерүүгө чакырды.
Ошондой эле төмөнкүлөрдү эске салды. Улуттук банк:
- Калкка насыя бербейт;
- Акча которууну талап кылбайт;
- Кызматкерлеринин күбөлүгүн же башка расмий документтерди жөнөтпөйт;
- Жеке адамдарга кызмат көрсөтпөйт.
Алдамчылардын курмандыгы болуп калган учурда, дароо банктык картаны бөгөттөп, укук коргоо органдарына кайрылуу сунушталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















