super.kg logo
  Саясат  

Министр Жээнбек Кулубаев Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту

 

Кечээ, 1-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кабыл алды.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын жогорку динамикасын белгилеп, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштардын маанилүүлүгүн баса белгилешти. Ошондой эле ар кыл багыттар боюнча өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктери ырасталды.

Кыргыз тарап Кыргызстанды 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлоодо көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Эрдоган Кыргызстанды шайланышы менен куттуктап, алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруусуна каалоо билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жана мурда жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташканы маалыматта кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: