Ысык-Атада мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Ысык-Ата курортунун аймагындагы мыйзамсыз менчикке берилген конок үйүнүн имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.Башкы прокуратура билдиргендей, 2005-жылы аймактагы 5 кабаттуу конок үйдүн имараты жана ага чектеш 0,10 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгы менен баасы 112 миллион сомду түзгөн конок үйүнүн имараты жана ага чектеш жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















