super.kg logo
  Саясат  

Марлен Маматалиев Иранга барды

 
Бүгүн, 3-июлда Ирандын Тегеран шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Ирандын Ислам Кеңешинин Мажлисинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолугушту.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу Ирандын Жогорку лидери Аятолла Сейед Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатынын алкагында уюштурулган.
Жолугушууда төрага биркатар саясий ишмерлердин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтып, каза болгондордун ирандыктардын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.
Ошону менен катар Иран менен АКШнын ортосундагы меморандумга кол коюлушу чыңалууну басаңдатууга саясий-дипломатиялык жөнгө салуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү кадам катары баалай тургандыгын белгилеген.
Өз кезегинде Мохаммад-Багер Галибаф кыргыз элинин атынан аза кайгыларын тең бөлүшүп, Жогорку лидерди узатууга барган Маматалиевге ыраазычылыгын билдирди. Жолугушууда тараптар кыргыз-иран кызматташтыгын өнүктүрүү жана быйыл Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун жыйындары тууралуу да пикир алмашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: